• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Таш окуяларына бир жыл. Бул саясий сабак болду — Игорь Шестаков

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-август күнү былтыр Кой-Ташта болгон окуяларга бир жыл болот. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып келүү учурунда УКМКнын "Альфа" бөлүмүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбеков каза болгон.

Ал окуялар боюнча саясий серепчи Игорь Шестаков өз оюн билдирип, ал жеке кызыкчылыктарын мамлекеттикинен жогорку койгон азыркы жана келечектеги саясатчыларга сабак экенин айтты.

"Ал Кыргызстандын саясий элитасы үчүн саясий сабак. Саясатчы өзүнүн амбицияларын улуттук кызыкчылыктардан, жарандардын коопсуздугунан жогору коюп, өзүнүн саясий амбицияларына жетеленген учурда ушундай окуялар болот. Атамбаев бийликте турган кезде мамлекет башчы катары митингчилердин укуктук талаадан чыккан аракеттерине жол бербей тургандыгын айтчу. Анын президенттик жылдарында ал нерселерди көрдүк. Ал кызматтык, коомдук жана саясий статусуна карабай мыйзам алдында баары бирдей экенин айтчу. Бирок ал сурактарга келүүдөн баш тартып жатты. Анын айтканы менен жасаганы башка болду", - дейт ал.

Анын айтымында, саясатчынын милдети өзүнүн ишмердүүлүгү менен мамлекетти бекемдөө. Ошол эле учурда Кой-Таштагы окуялар саясатчылар өзүнүн жеке кызыкчылыктарына жетеленерин көрсөттү. Анын айынан атайын бөлүмдүн кызматкери каза болду. Укук коргоо органдарынын жана атайын багыттагы кызматтын кызматкерлери оор жаракаттарды алышты. Жай тургундар арасында жаракат алгандар болду.

Ал белгилегендей, Кой-Таштагы окуянын айрым саясатчылар ишке ашыргысы келген терс сценарийи болгон.

"Окуя Кой-Ташта бүтүп калбаганын баарыбыз билебиз. Бишкекте башаламандыкты уюштуруу аракети болгон. Журналисттерге таш ыргыткандар болгон. Суроо жаралат: "Эмнеге аянтка келе жаткандар алардан маек алгысы келген журналисттерге кыр көрсөттү". Ал нерсе борбор калаадагы абалды туруксуздаштыруу боюнча сценарий болгонун айтып турат. Ал сценарий аны жазып, ишке ашыргысы келген адамдардын кызыкчылыгына иштеген. Бактыга жараша ал сценарий ишке ашкан жок. Ал сабак болгонун дагы бир жолу белгилеп кетем. Азыркы жана келечектеги саясатчылар үчүн өзүнүн кызыкчылыктарын жана амбицияларын элдин байгерчилиги үчүн күрөш катары көрсөтпөш керек деген сабак", - дейт ал.

Ал билдиргендей, саясатчы өлкөнүн жана элдин байгерчилигин жетегине алышы керек. Анын ишмердүүлүгүнөн жарандар жана өлкөнүн коопсуздугу жабыркабашы керек. Тескерисинче саясатчынын иш-аракети жарандардын жашоосун жана кырдаалды жакшыртууга багытталышы кажет.

"Бишкекте башаламандыктарга жол бербеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам аракет көрдү. Башкача айтканда, окуянын борбору Кош-Ташта болгон, бирок сценарий кеңири форматта болгон. Ошондуктан Кой-Таштагы чыр басылгандан кийин шаардын борборунда таш, таяк кармаган жаш балдарды көрдүк. Экинчи жыйынтык партия кандайдыр бир кыймылдарга ажырады. Ал тарапташтарын жоготту. Көп жылдар бою аны менен бирге болгон тарапташтары аны менен калбады. Анын жанында жакындары менен тарапташтарынын бир бөлүгү калды. Бирок ал мурдагы формат эмес. Башкача айтканда, ал окуялар менен ал өзүнө саясатчы катары чекит койду", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий