• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Таш окуясы боюнча сот. Саясий “оюндарга” бул жыйында жол жок – Айыптоо тобунун жетекчиси

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда бүгүн 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча алгачкы соттук жыйын өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Айыптоо тобунун жетекчиси Темирбек Бекмаматов билдиргендей, Кой-Таш окуялары боюнча сот отурумунда саясий “оюндарга” жол берилбейт.

Анын маалыматына ылайык, күнөө негиздүү шектерди эске алуу менен коюлган. “Ошол себептен саясий “оюндарга” жол берилбейт. Бүгүнкү уктуруулардын жүрүшүндө бир гана Атамбаевден башка ар бир айыпталуучу тарабынан баш коргоо чараны өзгөртүү тууралуу сураныч келтирилген. Сот карап чыгып, өз чечимин чыгарат. Белгилей кетчү нерсе, жазык кодексине ылайык, соттук отурум атаандаштык тартипте өтөт. Бул жерде биз жактоочу тарап сыяктуу эле өз сураныч жана өтүнүчтөрүбүздү беребиз”, - деди Бекмаматов.

Прокурор билдиргендей, отурум ачык өтүүсүнө алар каршы эмес. Бүгүн алдын ала угуулар болгондуктан ал жабык эшик артында өтүп жатат. Ал эми акыркы сөздү сот айтат.

“Алдын ала угуулар бир жолу өтөт. Бирок, анда тыныгуу жарыяласа болот. Тергөөнүн сапаты бааланып, күнөө актысы жактырылды. Ал эми далилдер сотто изилденет”, - деди Бекмаматов.

Учурда жыйында тыныгуу жарыяланды. Отурум түштөн кийин уланат.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Пикир

Оставить комментарий