• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Ташка 8 тез жардам унаасы кетти - Саламаттык сактоо министрлиги

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кой-Таш айылына 8 тез жардам унаасы жөнөт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Тез жардам станциясына саат 20:20да билдирүү келип түшкөн. Жерине Чүй облусунан 5 бригада жөнөп кетип, кошумча Бишкек шаарынан үч унаа жөнөтүлгөн.

"Жаракат алгандарды кабыл алууга Чүй облустук ооруканасынын, Улуттук госпиталдын, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери даяр турушат. Керектүү дары-дармектер бар", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий