• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Ташта 22 жаштагы пакистандык жаранды сабап кетишти. Окуя териштирилүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кой-Таш айылында белгисиз бирөөлөр 22 жаштагы пакистандык жаранды сабап кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук милицисынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 19-июлда болжол менен саат 23:00дө Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБнин ыкчам тергөө тобу барган кезде урушка катышкандар тарап кеткендиги маалым болгон.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган окуяны ИИМдин жетекчилиги катуу көзөмөлгө алып, тиешеси барлар мыйзам алдында жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий