• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Ташта башына ок тийип каза болгон жигиттин сөөгү табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында талаада 25 жаштагы жаш жигиттин сөөгү табылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 25-февралда болжол менен саат 9:00дө Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, башына ок тийип каза болгон баланын сөөүн тапкан. Маркумдун өздүгү такталган. Ал 25 жаштагы Ш.А. аттуу жаран болуп чыккан.

Милициядан билдиргендей, маркумдун сөөгүн куруучулар табышкан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Баардык керектүү экспертизалар дайындалган. Иштин чоо-жайын аныктоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий