• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Таштагы массалык башаламандык боюнча тергөө амалдары башталды - Башкы прокуратура

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын башталды, - деп билдирет КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев күбө катары ИИМге үч ирет суракка чакырылган. Бирок ал үч жолу тең суракка келген эмес. Ага байланыштуу Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү тапшырмасы УКМКнын кызматкерлерине берилгени айтылат.

Аталган тапшырманы аткаруунун алкагында алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келген учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата курал жана башка буюмдарды колдонуу менен каршылык көрсөтүлгөн. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык баш аламандык уштурулган.

Кечээ катталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 264чү (массалык баш аламандык) жана 266-беренелери (бейбаштык) боюнча каттоого алынды.

"Башаламандык учурунда Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жалпысынан 47 адам ар кандай жараат менен жеткирилген. Алардын 22си УКМКнын, экөө КР ИИМдин кызматкерлери. 23 адам жай тургундар. Ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий