• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Таштагы окуя: Ооруканага жабыркаган 52 адам кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кечээ, 8-август күнү саламаттык сактоо мекемелерине 52 адам ар түрдүү жараттар менен кайрылып, анын ичинен ону жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан 20 адам дарыланууда.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 13 адам, Улуттук госпиталда 4, Чүй облустук ооруканада 3 адам дарыланууда. Бейтаптардын саламаттыгын дарыгерлер көзөмөлдөөдө.

7-8-август күндөрү тез жардам кызматтары аркылуу жарадар адамдарды кабыл алган ооруканалар баардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.

“Дары менен камсыз кылуу маселеси жарадар адамдарга өз убагында жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча министрликтин штабдарынын жыйынында талкууланып, министр тарабынан толук көзөмөлгө алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий