• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кой-Таштагы окуя: Президент курал колдонбоо тапшырмасын берген - Опумбаев

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков курал колдонбоо тапшырмасын берген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, президентке иш-чаралар тууралуу маалымат берилген. Бирок, ал иш-чара качан өткөрүлөрүн Опумбаев өзү чечкен.

"Президент курмандыктар болбошу үчүн курал колдонбоо тапшырмасын берген. Ал эми иш-чара качан өткөрүлөрүн өзүм чечкем. Мен кырдаалга жараша аракет кылгам. Ал атайын операция эмес, иш-чара болгон", - деди ал.

Анын айтымында, атайын операция экинчи күнү өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 60тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий