• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Таштагы окуядан эч ким каза болгон жок - Саламаттык сактоо министрлиги

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кой-Ташта болуп жаткан башаламандыктан бир адам каза болгондугу тууралуу айрым массалык маалымат каражаттарында маалымат тараган. Учурда жеринде нөөмөттө турган дарыгерлер аталган маалыматты ырасташкан жок. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматы боюнча, саат 22:30га карата Бишкек шаарындагы жана Чүй облустук ооруканага жаракат алган 10 адам жеткирилген.

Атайын даярдыктагы бир аскерге ок тийген.

"Үйдөн аскер октору менен атып жатышат, атайын даярдыктагы аскердин төшүнө ок тийген. Тийген ок бронежилетти тешип кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий