• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таштагы окуядан каза болгон жоокердин сөөгү жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кой-Таштагы окуядан каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбековалар ж.б. келишкен.

Келгендердин баардыгы анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын эрдиги эч качан унутулбаарын айтышты.

Үсөнбек Ниязбеков 46 жашта болгон. Маркумдун артында 6 баласы калды, кичүүсү 1,5 жашта.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40 ашуун адам жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий