• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Күч түзүмдөрүнүн алты кызматкери октон жарадар болгон

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалдан күч түзүмдөрүнүн алты кызматкери октон жарадар болгон. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын жыйынында медициналык башкармалыктын жетекчиси Назира Жанакеева билдирди.

Анын айтуусунда, дагы 27 адамдын мээси чайкалган.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, октон жарадар болгон жай тургундар ооруканага келип түшкөн эмес.

"Желим октон жабыркагандар ооруканага алынып келинген", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон.

Натыйжада УКМКнын "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип каза болуп, 40дан ашуун адам жабыркаган.

8-августта укук коргоо органдары тарабынан Атамбаев кармалып, 26-августка чейин камакка алынган. 20-августта Биринчи май райондук соту аны үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына чейин камакта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий