• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. 7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын бүтүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен жолукту.

Ал комиссиянын алкагында жүргүзүлгөн иштер жемиштүү болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди.

«Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө ишке активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бардык сунуштары талкууланып, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялардын бардык жагдайларын иликтөө ар тараптуу жана комплекстүү жүргүзүлгөнүн белгилеп кетким келет», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер курамына кирген комиссия түзүлгөндөн бери комиссиянын мүчөлөрү калыс жана адилет тыянак чыгаруу максатында демилгеленген талкууларды бардык кызыкдар тараптар менен өткөрүштү.

Мамлекеттик комиссиянын ишинин алкагында 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал тууралуу А.Ш.Атамбаевдин тарапташтары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, маалыматтар алынган.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү тургундар менен жолугушуу өткөрүү максатында Кой-Таш айылына да барышты. Анын алкагында алар 7-8-августта болгон окуялардын учурунда жабыркагандар тууралуу маалыматтар менен таанышып, бир катар объекттерди көрүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий