• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кой-Таштагы окуяны иликтөө уланууда – Памир Асанов

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7чи жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө дагы деле уланууда. Бул тууралуу "Кабарда" өткөн маалымат жыйынында КР ички иштер министринин оун басары Памирбек Асанов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда тергөө жүрүп жатат.

"Тергөө толук болушу үчүн бардыгын суракка чакырып жатабыз, алардын арасында ММК өкүлдөрү да бар. Бул жерде эч кандай коркутуулар жок. Эгерде коркутуулар болсо, анда бизге кайрылгыла. Бардык фактылар боюнча тиешелүү чара көрүлөт", - деп билдирди Асанов.

Эскерте кетсек, 7-августта кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40 ашуун адам жараат алган.

Белгилей кетсек, эртеси күнү 8-августта укук коргоо органдары Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий