• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Таштагы окуяны иликтөө: Жыйынга Карамушкина менен Абдил Сегизбаев чакыртылат

Өкмөт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кезектеги жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий