• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Койчуманова: Бийликтин башында ким турганы эмес, ал адам кандай максаттарды коюп жатканы маанилүү

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кечээ, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, кайрылуу жасады.

Мындан улам эксперттик коом тегерек столго чогулуп, президенттин кайрылуусун талкуулашты.

Тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова жаңы Баш мыйзамдын ишке кириши көп убакытты жана жумушту талап кыларын айтат.

“Акыркы 30 жылда биз Конституцияны 12 жолу өзгөрттүк. Негизинен бийликтин кызмат орундары гана алмашып келген. Жыйынтыгында социалдык-экономикалык кризиске кептелдик. Бийликтин башында ким турганы эмес, ал адам кандай максаттарды коюп жатканы маанилүү. Президент айтып жаткан сөздөрүн ишке ашырарына үмүт кылабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий