• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

KOIKA уюму Кыргызстандын аймагын изилдеп чыккан соң туристтик маршруттардын долбоорун сунуштады

Коом 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинде Кореянын KOIKA эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен кеңейтилген жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылыйык, жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын туристтик чөйрөсүн өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

"KOIKA эл аралык уюмунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагын дыкат изилдеп бүткөндөн кийинки жаңы иштелип чыккан туристтик маршруттардын долбоорун сунушташты. Аларга - Улуу Жибек-Жолундагы согуштун жана тынчтыктын изи, көчмөндөр жолу ошондой эле, Улуу Жибек-Жолунда жашаган элдердин маданиятын жана кол өнөрчүлүгүн туристтерге тааныштыруучу маршруттар кирген", - деп билдиришти министрликтен.

Андан тышкары, тараптар ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктарынын тизмесине кирген тарыхый “Бурана мунарасынын” аймагына заманбап даараткана курууну талкуулап, KOIKA тарап корей тилинде туристтик брошюраларды чыгарууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий