• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кокочаров: Курулушка уруксат документтерин алуу убактысы кыскартылды

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров онлайн брифингдин жүрүшүндө курулушка уруксат документтерин алуу убактысы 210 күндөн 60 күнгө кыскарганын билдирди.

Анын айтуусунда, курулуш тармагын санариптештирүү максатында „Бирдиктүү терезе“ жаңыланган камсыздоо программасы иштелип чыгып, 54 облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына киргизилген.

"Аталган система мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жана уруксат документтерин алуунун убактысын 210 күндөн 60 күнгө кыскартты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий