• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кол алышып, жылмайып... Шевченко менен Чукагяндын көз караштар таймашынын видеосу

Спорт 0


Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. АКШнын Хьстон шаарында UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен көз караштар таймашын өткөрдү. Алардын видеосу youtube порталында жарыяланды.

Видеодо байкалып тургандай эки мушкер алгач кол алышып, бири-бирин урматтаганын көрүүгө болот. Ал эми Чукагяндын жылмайып турганын байкоого болот.

Эскерте кетсек, эки мушкер Хьстон шаарында UFC 247 мелдешинин алкагында 9-февралга караган түнү беттеш өткөрөт. Анда Шевченко өзүнүн чемпиондук курун үчүнчү ирет коргойт.

Ошондой эле UFC 247 мелдешинин негизги беттеши жарым оор салмактагы чемпиондук кур үчүн Жон Жонс менен Доминик Рейестин таймашы болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий