• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кол өнөрчүлүгүн брендге айландырууну көздөгөн ишкердин ийгилиги

ТАГДЫР 0

Бишкек, 12.03.18 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Териден саркеч сумкаларды, кооз капчыктарды, курларды жана башка көптөгөн аксессуарларды өз колу менен жасаган Улан Таштанбеков, жаш болгонуна карабай, өзүнүн чакан бизнесин ачып үлгүргөн. Бүгүнкү күндө Улан мырза эки адамдан турган командасы менен жеке ательесинде тапшырык менен түрдүү аксессуарларды жасашат.

Улан кол өнөрчүлүктүн бул түрүнө 19 жашында кызыга баштаган. Алгач өзү үчүн билериктерди жасап жүрүп, кийин үйүнүн бир бөлмөсүн жеке устаканага айландырган. Анын айтымында, бул хоббисин ишмердикке айландыруу идеясы кеч келгендиктен, азыркы иштеп жаткан ательесин 2017- жылдын август айында ачкан.

“Бул ишти баштап жатканда керектүү жабдыктарды алуу үчүн насыя алгам. Башында көрүнөөрлүк пайда түшпөй, кыйналгам, бирок азыр алган насыямды ийгиликтүү төлөп жатам. Чынын айтсам, азыр бар убактымды бул ишке арнап жатканыма байланыштуу, жашоонун башка кызыктарына убакыт жок”, –дейт каарманыбыз.

Албетте, мыкты жыйынтык алуу үчүн, талыкпас эмгек керек эмеспи, анын сыңары Уландын эмгегинин акыбети кайтып, кардарлары күн санап өсүп, алардын көбү туруктуу тапшырык берүүгө өтүштү.

Ал эми жасалып жаткан товарга келсек, ар бир буюм нукура териден гана жасалат. Усталар материалды тери заводунан жана чет өлкөдөн тапшырык менен алышат. Ар бир буюмдун баасы материалына жана жасалышына жараша өзгөрөт. Мисалы, капчыктар 1500 сомдон 2200 сомго чейин, сумкалар 3500 сомдон 12000ге чейин жетет, ал эми курлар жана билериктер өлчөмүнө жараша баада. Ар бир каалоочу Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, Пушкин көчөсү 78 дарегине келип каалаган жасалгадагы жактырган буюмуна тапшырык бере алат.

Каарманыбыз азыркы жетишкендигин ийгилик деп эсептебейт, анткени келечекке койгон пландары алда канча чоң. “Быйыл болбосо да, бир нече жылдан кийин бул ишмердикти брендке айландырууну көздөп жатабыз. Кудай буйруса, дүйнөлүк базарга Кыргызстандын атынан чыгып, чет элдиктер биздин буюмдарды тапшырык менен алып калышат деген үмүттөбүз”- дейт каарман.

Ал эми Уландын замандаштарына айтаар кеңеши, сүйгөн ишиңди издөө, анткени адам кылып жаткан жумушун чын жүрөктөн сүйгөндө гана мыкты жыйынтык келет эмеспи.

Пикир

Оставить комментарий