• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Колдонулган медициналык беткаптарды жана колкаптарды эмне кылуу керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. Колдонулган беткаптарды жана колкаптарды кесип, анан таштандыга ыргытуу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалымат жыйында ага, колдонулган беткап менен колкаптарды таштандыдан чогултуп жаткан учурлар болуп жатат, аларды эмне кылуу керек деген суроо берилди.

"Колдонулган беткаптарды жана кол каптарды кесип, бизде экологиялык таза баштыктар жок болгондуктан желим баштыкка чогултуп, анан таштандыга ыргытуу керек", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий