• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колледж жана кесиптик лицейлердин директорлору башкаруу көндүмдөрүн жогорулатууда

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кыргызстандагы кесиптик лицей жана колледжердин жетекчилиги башкаруучулук көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча “Сколково” Москва башкаруу мектебинин окутууларынан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тренинг кечээ, 22-сентябрда башталып, эки күнгө созулду.

Тренингге Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин кызматкерлери да катышты.

Тренинг Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) “Жыйырмалык топтун кадрларды кесиптик даярдоо стратегиясынын колдонулушу: ЭЭУнун жана Россия Федерациясынын өкөнтөштүгү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө (2-фаза).

Максаты – кесиптик техникалык билим берүү (КТББ) системасындагы мекемелердин ишин чагылдыруу менен ишмердиктин жүздөгөн параметрлерин жана 200дөн кем эмес чечимдерди өзүнө камтыган имитациялык системаны көрсөткөн “КТББ системасындагы мекемелерди башкаруу” компьютердик симулятордун жардамы аркылуу жетектөөчү курамдын башкаруучулук жөндөмүн жогорулатуу.

Катышуучулар симулятордун жардамында билим берүү мекемелеринин жетекчилик кызматынын ордун алып, командалык ишти жүргүзүп, сырткы жана ички чөйрөнү, мекеменин ишин, билим берүү программаларын, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен мамилелешүү саясатын талдайт жана талданган малыматтын негизинде башкаруучулук чечимдерди чыгарат.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар мекеменин түзүлүшү тууралуу толук түшүнүк алып, дүйнөлүк мыкты практиктер жана бизнес-кейстер менен таанышат жана тез өзгөрүп туруучу экономикалык шартта жана эмгек рыногунда чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасына ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий