• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Колледждер үчүн эксперименталдык билим берүү программалары даярдалууда

Билим 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Колледждер үчүн эксперименталдык билим берүү программалары даярдалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Компетенттүүлүк негизде билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмо даярдалды.

Аталган колдонмо республиканын колледждери жана кесиптик лицейлери үчүн пилоттук кесиптер жана адистиктер боюнча эксперименталдык окуу пландарын жана билим берүү программаларын түзүү үчүн иштелип чыккан.

Колдонмо Билим берүү жана илим министрлигинде, ошондой эле улуттук эксперттердин жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында талкуудан өттү.

Долбоордун алкагында Мамлекеттик билим берүү стандарттары статусуна ээ болуучу эксперименталдык окуу пландарынын жана билим берүү программаларынын үстүндө иш башталды.

Компетенттүүлүк негизде эксперименталдык билим берүү программалары төмөнкү кесиптер жана адистиктер боюнча иштелип чыгууда:

Адистиктер

Кесиптер

1

Тармактар боюнча электр менен камсыздоо

(техник-электрик)

Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик

2

Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

Ветеринардык дарылоо боюнча оператор

3

Айыл чарба продукцияларын (эт, сүт) өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы

(технолог)

4

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

(техник-электрик)

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер

5

Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

(техник-электромеханик)

6

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы) (техник-электрмеханик)

Автомеханик

7

Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

(техник)

Курулуштагы жасалгалоо иштеринин мастери

8

Ички санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо жана эксплуатациялоо (техник)

Слесарь-сантехник

9

Жыгач иштетүү технологиясы, эмеректи конструкциялоо дизайны

(техник-технолог)

Жыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери

10

Автоматташтырылган системалардын эсептөө техникасын программалык камсыздоо

(техник-программист)

11

Автоунаа транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (техник)

Автоунаа каражаттарын оңдооч боюнча слесарь

12

Электр станциялары, тармактар жана системалар

(техник-электрик)

13

Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор)

Тикмечи

14

Ачык тоо-кен иштери

(тоо-кен техник-технологу)

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

15

Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу

(менеджер)

16

Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу

(өндүрүштүк окутуу менеджер-мастери)

17

Айыл чарба өндүрүмдөрүн (жер-жемиштер, жашылчалар) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы

(технолог)

18

Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор-өндүрүштүк окутуу мастери)

Тикмечи

19

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, суу траспорунан башкасы)

(техник-электрмеханик-өндүрүштүк окутуу мастери)

Аталган программаларды апробациялоо жаңы окуу жылында республиканын аймактарындагы пилоттук колледждердин базасында түзүлгөн сегиз Алдыңкы тажрыйба борборунда, ошондой эле 10 кесиптик лицейде уюштурулаары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий