• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Колледждер үчүн Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы бекитилди

Билим 0

Бишкк, 21.12.20. /Кабар/. Кыргы Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайлар үчүн сунуштарды эске алуу менен Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясын бекитти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган методология министрликтин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан иштелип чыкты жана орто кесиптик окуу жайларга көрсөтүлүп жаткан билим берүүчү кызматтардын суроо-талапка ылайык келүүсүн жогорулатуу максатында эмгек рыногунун керектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоодо көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо методологиясы пилоттук колледждер/Алдыңкы тажрыйба борборлорунда апробацияланган.

Методологиянын максаты - көндүмдөргө окутуу боюнча сапаттуурак жана суроо-талапка ээ сунуштарды пландоо жана ишке ашыруу үчүн орто кесиптик окуу жайларынын регионалдык эмгек рыногунун керектөөлөрүнө реакция кылуу механизмин түзүү.

Колледждерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жана сунуштарга сереп жана баалоо жүргүзүүнүн үч ыкмасы сунушталат, алар квалификацияларга жана көндүмдөргө карата керектөөлөрдү өздөштүрүүдө колдонулушу мүмкүн, бирок регионалдык эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен:

  • региондорду өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эмгек рыногундагы квалификацияларга жана көндүмдөргө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматтын булактарына сереп жана талдоо жүргүзүү;
  • бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна байкоо жүргүзүү;
  • региондогу иш берүүчүлөрдү түздөн-түз сурамжылоонун негизинде жумушчу күчкө болгон керектөөлөр жөнүндө маалыматты талдоо.

Пикир

Оставить комментарий