• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Колледждер эмгек рынокторундагы суроо-талапты талдоого үйрөнүшөт

Билим 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги пилоттук колледждердин кызматкерлерин регионалдык эмгек рынокторуна талдоо жүргүзүүгө аралыктан окутууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Семинарларга окуу жайлардын ишмердүүлүгүн стратегиялык пландоо боюнча, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга байкоо жүргүзүү, окуу программаларын ж.б. даярдоо боюнча иш алып барган пилоттук колледждердин кызматкерлери катышууда.

Билим берүү жана илим министрлиги пилоттук апробациялоо үчүн Регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо боюнча методологияны бекитти.

Сунушталып жаткан регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждерге билим берүүчү кызматтардын суроо-талапка ылайык келүүсүн жогорулатуу максатында локалдык/регионалдык эмгек рыногунун керектөөлөрү жөнүндө маалыматты чогултууга жана талдоого көмөктөшүү үчүн иштелип чыккан.

Окуу жайларга локалдык/регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун серебин жана баалоосун жүргүзүү боюнча негизги үч ыкма сунушталат, алар эмгек рыногунун талдоосун жүргүзүү практикасында колдонулат:

1. Жалпы өлкө жана региондор боюнча эмгек рыногундагы кадрларга болгон муктаждык жөнүндө ар кандай маалымат булактарынын сереби жана талдоосу (мамлекеттик органдар, бизнес ассоциациялар, интернет ресурстары, МКК ж.б.);

2. Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна окуу жайда байкоо жүргүзүү (жумушка орношкондук коэффициенти адистиктердин учурдагы актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ болуусун көрсөтөт);

3. Региондо иш берүүчүлөрдү түздөн-түз сурамжылоонун негизинде жумушчу күчкө болгон муктаждык жөнүндө маалыматты талдоо.

Семинардын жыйынтыгында аталган курстун катышуучулары төмөнкүлөргө жөндөмдүү болот:

  • эмгек рыногундагы суроо-талап жана сунуш жөнүндө маалыматтарды топтоо жана баалоо боюнча куралдарды колдонууга;
  • кызыкдар тараптарды тартуу менен эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунуштарды талдоо боюнча иш-чараларды пландоого жана өткөрүүгө.

Методология “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан республиканын бардык областтарында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилот жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий