• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колледждер жана кесиптик лицейлер “эркектердин салттуу кесиптерине” кыздарды тартууга окууда

Билим 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Колледждер жана кесиптик лицейлер “эркектердин салттуу кесиптерине” кыздарды тартууга окууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колледждердин жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан «Кесиптик билим берүү жана окутуу системасындагы гендердик теңдик жана социалдык инклюзия түшүнүктөрү» аттуу темада онлайн семинарга катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар гендердик теңдик жана социалдык инклюзия жөнүндө негизги терминдер жана түшүнүктөр, гендердик индикаторлор, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө гендердик мамилелерди киргизүүнүн ыкмалары жана куралдары менен таанышты.

Программанын өкүлдөрү колледждердин жана кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин көңүлүн «эркектердин салттуу кесиптерине» байланыштуу гендердик стереотиптерге жана бул адистиктер боюнча окутууга кыздардын катышууга болгон кызыгуусун жогорулатуу ыкмаларына бурушту.

Мындан тышкары, катышуучулар окутуунун коопсуз инклюзивдүү чөйрөсүн камсыздоого эмнелер кире тургандыгы жөнүндө маалымат алышты.

Гендер боюнча адис Назгүл Мырзалиеванын айтуусу боюнча гендердик компонент «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан орто кесиптик билим берүү системасын реформалоонун маанилүү түзүүчүсү болуп саналат.

«Азыркы учурда Кыргызстанда «эркектердин» жана «аялдардын» кесиптери деп гендердик жактан бөлүү сакталууда. Мындай бөлүү эмгек рыногунда бар жана ал кыздар белгилүү гана салттуу кесиптерди тандап, билим алуу этабында башталат. Аталган программа алдына ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн кесиптик лицейлерде жана колледждерде техникалык адистиктер боюнча окутууга кыздарды тартуу милдетин коет. Экинчи маанилүү компонент –инклюзивдүү – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кесиптик окутууга нтеграциялоого багытталган. Бул семинарларда биз кыздар жана өзгөчө еректөөлөрү бар студенттер үчүн кесипти жана карьераны тандоодо мүмкүнчүлүктөрдү кантип кеңейтүү керек, кесиптик багыт берүү иш-чаралары жана колледждерде, кесиптик лицейлерде коопсуз жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүү аркылуу кесиптик билим берүү жана окутуу системасындагы гендердик стереотиптерди жокко чыгаруу жөнүндө маалымат беребиз. Өткөрүлгөн тренинг тренингдердин сериясынын киришүүчү бөлүгү болуп саналат, алардын жүрүшүндө пилоттук колледждерде жана кесиптик лицейлерде гендердик маселелер боюнча дайындалган координаторлор менен биргеликте ар бир окуу жай үчүн иш-чаралар пландары иштелип чыгат жана ДМЧ адамдар үчүн жеткиликтүү инфраструктураны түзүү жана камсыздоо боюнча чаралар көрүлөт. Программанын аталган багытта көргөн аракеттери кесиптик билим берүүгө кыздарды жана ДМЧ адамдарды тартууга, аларга ишке орношууга жардам берүүгө багытталат, бул өз кезегинде жакырчылыкты жоюу, финансылык көз карандысыздык үчүн маанилүү каражаттардын бири болуп саналат», - деди Назгүл Мырзалиева.

Пикир

Оставить комментарий