• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Колледждерде аралаш окутуу кандай уюштурулган? Министрликтин жообу

Билим 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги колледждерде 2020-2021-окуу жылдын жазгы семестринде окуу процессин гибриддик (аралаш) форматта уюштуруу жөнүндө маалымдайт.

Аталган алгоритм өзү менен аралыктан окутуу (онлайн) форматынан реалдуу убакытта (офлайн) салттуу окутуу форматына өтүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды билдирет.

Окутууну толугу менен салттуу форматта (офлайн) уюштурууга төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:

- даярдоонун бардык багыттары жана адистиктер боюнча колледждердин бүтүрүүчү курстарынын билим алуучулары үчүн;

- колледждерде медициналык адистиктер боюнча билим алгандар үчүн.

Кенже курстардын студенттери (медициналык адистиктерден тышкары) аралаш режимде төмөнкү алгоритмди сактоо менен окушат:

- окуу планынын бардык циклдеринин дисциплиналары боюнча лекциялык сабактар алыстан окутуу режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен өткөрүлөт;

- “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин”, “Жалпы илимий циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык сабактар алыстан окутуу режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен өткөрүлөт;

- атайын окутуу-методикалык материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды колдонуу менен контакттуу окутуу талап кылынбаган “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт, ал эми талап болгон учурда салттуу форматта өткөрүлөт;

- “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар жана окутуу планында каралган практиканын бардык түрлөрү колледждин тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий