• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колледждерде билим алуу үчүн 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү онлайн тапшырышты

Билим 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Колледждерде билим алуу үчүн 18 миңден ашуун абитуриент өтүнмөлөрдү онлайн тапшырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан система - http://www.spuz.edu.gov.kg/ аркылуу толугу менен онлайн ишке ашырылууда.

Кабыл алуу башталгандан бери 18 986 абитуриент колледждерге документтерди онлайн түрдө тапшырышты.

Документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.

Биринчи тур.

13-июлдан 30-июль, саат 18:00гө чейин – документтерди онлайн каттоо. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт.

Экинчи тур.

1-августтан 20-августка чейин – документтерди онлайн каттоо. 22-августта – колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 20-30-августта – абитуриенттер окожго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Пикир

Оставить комментарий