• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Колледждерде сессия жана мамлекеттик аттестациянын өткөрүү жол-жоболору

Билим 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Билим берүү жана министрлигинен колледждерде сессия жана мамлекеттик аттестациянын өткөрүү жол-жоболору тууралуу айтып беришти.

Министрлик иштеп чыккан алгоритмге ылайык төмөнкүдөй өткөрүлөт:

2-курстун студенттери үчүн “Кыргызстан тарыхы”, “Кыргыз тили жана адабияты” жана “Кыргызстандын географиясы” боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен 2021-жылда онлайн режимде жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү боюнча сунуштарды эске алып, аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар колледждин тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өткөрүлөт.

Студенттер үчүн экзамендик сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат:

- “Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин” жана “Математика жана табигый илимдер циклинин” дисциплиналары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен алыстан окутуу режиминде өткөрүлөт;

- “Кесиптик циклдин” дисциплиналары боюнча салттуу форматта өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий