• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Колледждерди иш берүүчүлөр менен натыйжалуу кызматташууга үйрөтүшөт

Билим 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждердин жетекчилерин жана кызматкерлерин социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча аралыктан окутууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Нурлан Атакановдун айтуусу боюнча, социалдык өнөктөштүк өзүнө бизнес-өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташууну калыптандырууну камтыйт.

“Эмгек рыногунда пайда болгон өзгөрүүлөр жалпы кесиптик билим берүү системасынан талап кылгандай эле колледждерден мобилдүүлүктү, ыкчам таасирденүү жөндөмүн талап кылууда. Ал үчүн колледждер улуттук жана аймактык эмгек рыногунун абалын талдаганды билүүгө, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн баалоону билүүгө тийиш. Бул милдеттерди аткаруу үчүн биз колледждерди социалдык өнөктөштүктү уюштурууга окутуп жатабыз. Башкача айтканда, эмгек рыногу жана бизнес менен натыйжалуу кызматташууга, киреше алып келүүчү ишти киргизүүгө, жумуш ордунда окутууга үйрөтүп жатабыз”, - деди ал.

Онлайн семинарларга чейин колледждер менен өнөктөштүк боюнча кызыкдар тараптарды талдоо жүргүзүлгөн, учурдагы көйгөйлөр аныкталды, ийгиликтүү улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү ишке киргизүү боюнча колдонмо иштелип чыкты.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы түзүлөт, ийгиликтүүлүк индикаторлору иштелип чыгат жана колледждерде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча жооптуу кызматкерлер аныкталат.

Пилоттук колледждерди окутуу үч этап менен жүргүзүлөт: 1) колледждердин социалдык өнөктөштүк үчүн жооптуу кызматкерлерин, жетекчилерин жана педагогдорду окутуу; 2) колледждердин өнөктөштөрүн, Көзөмөлчүлүк кеңештердин жана түзүлгөн эксперттик топтордун мүчөлөрүн окутуу; 3) Көзөмөлчүлүк кеңештердин жана колледждин жетекчилеринин катышуусу менен социалдык өнөктөштүктү ишке киргизүү тажрыйбасын алмашуу боюнча жыйынтыктоочу семинар.

Пикир

Оставить комментарий