• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Колледждердин кызматкерлери ченемдик каржылоону ишке киргизүүгө аралыктан окууда

Билим 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук колледждер үчүн ченемдик каржылоо боюнча дистанттык семинарлардын сериясын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Семинарларга башкы бухгалтерлер жана экономисттер, окуу маселелери боюнча директорлордун орун басарлары, өндүрүштүк практиканын жетекчилери, студенттердин контингентин түзүү үчүн жооптуу болгон кадрлар боюнча инспекторлор, алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүү боюнча жооптуу кызматкерлер катышышты.

Алдыңкы тажрыйба борборлору республиканын аймактарындагы пилоттук колледждердин базаларында жаңы методикалар жана орто кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча эл аралык ийгиликтүү практикалар боюнча пилот жүргүзүү үчүн түзүлгөн.

Колледждерди реформалоо Кыргызстанда 2018-жылы “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында башталган жана өзүнө колледждерди башкарууну жана каржылоону чыңдоону, окутуу жана окуу чөйрөсүнүн сапатын жакшыртууну, экономика тармактары менен кызматташууну кеңейтүүнү жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.

Орто кесиптик билим берүүнү бюджеттөөнү реформалоонун максаты 1 студентке эсептөө менен каржылоонун бирдиктүү ченемдеринин негизинде колледждерди бюджеттик каржылоонун керектүү өлчөмдөрүнө негизделген комплекстүү мамилени камсыз кылуу жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Азыркы учурда ченемдик бюджеттик каржылоонун пилоттук методикасы, мамлекеттик колледждердин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби иштелип чыкты жана бекитилди.

2012-2020-жылдарына карата Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясында бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо үчүн билим берүүнүн бардык деңгээлин ченемдик каржылоого өткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий