• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды

Билим 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун онлайн порталына 22 миң 70 өтүнмө катталды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады.

3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуренттерге телефон аркылуу чалышат.

Документтердин түпнускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий