• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Колледжге документтерди онлайн режиминде кантип тапшырууга болот? Жол-жоболору

Билим 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Быйылкы окуу жылында күндүзгү/сырттан окуу бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерин тариздөө интернет желеси аркылуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ Автоматташтырылган маалыматтык системасынын жардамы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. Ар бир турда абитуриент бюджеттик орунга конкурска катышуу үчүн бир өтүнмө берүүгө жана контракттык негизде окуу үчүн конкурска катышууга бир өтүнмө берүүгө укуктуу.

Абитуриенттерди бюджеттик негизде да, контракттык негизде да окууга кабыл алуу үчүн конкурс орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) орточо баасынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн бир профилдик предметтин орточо баасы боюнча, ошондой эле онлайн тестирлөө өткөрүлгөн учурда анын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде бир орунга аттестаттын же күбөлүктүн орточо баасы бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, орто кесиптик окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы алар үчүн аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде кошумча кирүү сынактарын өткөрүүгө укуктуу.

Медициналык адистиктер боюнча конкурс орто кесиптик окуу жай тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдардын суммасы жана билими жөнүндө документтин жана профилдик предметтердин орточо баалары боюнча жүргүзүлөт.

Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча кирүү (чыгармачылык) сынактары зарыл болгон санитардык-гигиеналык ченемдерди милдеттүү түрдө сактоо менен салттуу режимде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий