• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колуңардан келбесе, анда кеткиле! Президент Мамкурулуш агенттигинин жетекчилигин сынга алды

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин дарегине карата сын айтты.

Президент жыйынды жыйынтыктап жатып, курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө бирдиктүү терезе принцибин 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүү талабын койду.

«Кыргызстан акыркы төрт жыл ичинде 20-орундан 90-орунга түшүп калды. Бул жерде кеп курулуш тармагындагы тоскоолдуктар тууралуу болууда», - деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна кайрылып, анын чабал ишинин айынан бүтүндөй өлкө жапа чегип жаткандыгын айтты. «Сиз көп жылдан бери бул кызматты ээлеп келесиз, бирок натыйжа жок. Колуңардан келбесе, анда кеткиле», - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий