• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Колумбия Университетинин бүтүрүүчүсү өкмөт башчыга кеңешчи болуп дайындалды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Омоев Мурад Асылбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Мурад Омоев 1979-жылдын 20-июнунда Токмок шаарында туулган.

1999-жылы АКШнын Айова штатындагы Graceland College экономика жана ишкер башкаруу багытында бакалавр даражасын алган.

2001-2002-жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда финансы-экономикалык предметтерди окутуу сапатын жогорулатууга багытталган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги долбоорунун ар-кыл кызматтарында иштеген.

2003-2004-жылдары Кыргызстандагы долбоор кеңсесинин директору катарында эки магистердик программаны уюштурган, анда ЖОЖдордун 120 ашуун окутуучусу билимин жогорулаткан.

2004-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия Университетинин магистратурасында окуусун уланткан.

Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесиндеги алты айлык стажировкадан соң Вашингтон шаарындагы Эл Аралык Валюталык фондунун Иликтөөлөр департаментинде кичи илимий кызматкер катары ишин баштаган.

2012-жылдан тарта ЭВФ Европа Департаментинде экономист болуп иштеген.

ЭВФ иштеген учурунда фискалдык жана монетардык сасясат, өнүгүп келе жаткан рыноктордун тышкы факторлордон көзкарандылыгын жана бир катар Чыгыш Европа мамлекеттеринин эмгек рынокторундагы түзүмдүк көйгөйлөрүн талдоо үчүн жоопкер болгон.

Экономикалык өнүгүүгө фискалдык саясаттын таасири жаатындагы новатордук иликтөөсү үчүн ЭВФ командалык сыйлыгынын лауреаты болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий