• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колумбияда жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 320 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Колумбияда сел каптоонун натыйжасында курман болгондордун саны 320 адамга жетти. Бул тууралуу шаршембиде жаратылыш кырсыктары коркунучу боюнча улуттук башкармалык билдирди.

Буга чейин 314 адамдын өлүмү тууралуу маалымдалган. Трагедиянын курмандыктарынын арасында 118 бала бар. Дагы 332 адам жаракат алган. Азырынча 269 адамдын таанылган сөөгү туугандарына тапшырылган.

1-апрелге караган түнү нөшөрлөп жааган жаандан соң Мокоа, Сангояко жана Мулатос дарыяларынын жээгинен ашкан суу Мокоа шаарын каптаган. Шаар катуу жабыркап, көчөлөр ылайга толуп, суу, электр жана газ түйүндөрү бузулган.

Учурда Мокоа көчөлөрүн тазалоо иштери жүрүүдө. Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос буга чейин шаарды Путумайо департаментинин башка жерине көчүрүү мүмкүндүгүн жокко чыгарып, бийлик аны калыбына келтирүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын билдирген. Буга эки жылдай убакыт талап кылынат.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий