• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Колумбияда жер көчкүдөн курман болгондордун саны 20га жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Колумбиялык Манисалес шаарындагы жер көчкүдө курман болгондордун саны 19 адамга жетти. Дагы 6 адам дайынсыз жоголгон катары саналууда. Бул тууралуу шаар бийлиги билдиргендигин РИА Новости маалымдады.

Буга чейин 14 киши курман болгондугу айтылган.

Коркунучтарды башкаруу муниципалдык комитети Манисалесте табигый кырсык кырдаалын жана “кызыл” деңгээлдеги коркунучту жарыялоо чечимин кабыл алды. Жер көчкүдөн шаардын 25 району жабыркап, 75 турак үй талкаланган, 400 үй-бүлө эвакуациялангандыгын Tiempo порталы белгилейт.

Манисалеске Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос куткаруу операцияларын жеринде башкаруу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн келген.

1-апрелге караган түнү Мокоа, Сангояко жана Мулатос дарыялары нөшөрлөгөн жамгырдан кийин жээгинен ашып, Мокоа шаарында сел каптоолорго алып келген. Акыркы маалыматтар боюнча, 320 адам каза табып, шаар катуу жабыркаган. Көчөлөр ылайга толуп, суу, электр жана газ түйүндөрү бузулган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий