• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Комада жаткан аялды боюна бүтүргөн дарыгер кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Американын Аризон штатынын полициясы ооруканада аялды боюна бүтүргөн дарыгерди кармаган. Би-би-си билдиргендей, АКШнын Аризона штатынын Феникс шаарынын ооруканасында он жылдан ашык комада жаткан айым көз жарган.

Полициянын маалыматы боюнча, комада жаткан аялды зордуктоого шектүү катары Hacienda медклиникасынын дарыгери 36 жаштагы Натан Сазерленд кармалган.

Эске сала кетсек, Hacienda ооруканасында он жылдан ашык комада жаткан айым 2018-жылдын 29-декабрында көз жарган. Учурда ымыркайдын абалы жакшы экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий