• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Комбанктардан кайсы маалыматтар суралган? Финчалгындоо кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан операция жана уячанын ичиндеги буюмдар жөнүндө эмес, эсеп жана уячалардын ээлери тууралуу гана маалымат сураганын айтты.

Мекеменин статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда банктардан аты-жөнү, эсептин номери жана жеке идентификациялык номери жазылган №3 формасындагы документти толтурууну сурашкандигин билдирди.

Мындан мурда ММКларда финчалгындоо кызматынын башчысынын кардарлардын толук базасын сураган каты жарыяланганы тууралуу суроого Гуламжан Анарбаев №3 формасы боюнча эле маалыматтар талап кылынганын айтты.

“Биз алдын ала коммерциялык банктар менен маалымат суроонун формаларын сүйлөшкөнбүз. Суралып жаткан маалыматтардын формалары коммерциялык банктардын пикирин эске алуу менен бекитилген”, - деди ал.

Ошондой эле ал бул чаралар электрондук форматка өтүүгө байланыштуу экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий