• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Комендант Аалиев Ат-Башы районундагы жана шаар ичиндеги санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев Ат-Башы районундагы жана шаар ичиндеги санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасынын сасма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган посттордо тиешелүү кызматкерлер күнү- түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып, жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Аталган посттордон райондорго, айылдан шаарга, ооруган тургундар, кош бойлуу айымдар тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө. Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер өз убагында айылдарга жетүүдө", - деп кабарлашты комендатурадан.

Пикир

Оставить комментарий