• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Комендант: Ат-Башы районунан Нарын шаарына кирүүгө чектөө киргизилген

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев айтуусуна караганда, Ат-Башы районунан Нарын шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Анын айтуусуна таянсак, Ат-Башы району боюнча кырдаалга байланыштуу бир катар чектөөлөр коюлган. Алсак, бир айылдан экинчи айылга өтүүгө болбойт.

"Ошондой эле Ат-Башы районунан Нарын шаарына кирүүгө чектөө киргиздик. Тургундар катуу ооруган учурда (дарыгердин билдирүүсү болсо), дары-дармек керек болсо жана тиешелүү өткөрмө кагазы болгондорду гана өткөрөбүз. Калган учурларда чектөө киргизип, эч кимди өткөрбөйбүз", - деген комендант, тургундарды үйдө болууга чакырды.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий