• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Комендант Орозалиев Бишкекте өзгөчө абал режимин узартууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуштады. Комендант бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жолугушууда Орозалиев борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганына токтолду.

"Ошол эле маалда Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирген Алмазбек Орозалиев буга байланыштуу коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Мурда ЖКнын экс-төрагасы, депутат Мыктыбек Абдылдаев журналисттерге түшүндүргөндөй, Жогорку Кеңеш үч күн ичинде өзгөчө абал боюнча президенттин Жарлыгын жактырбаса, анда Жарлык күчүн жоготот. Азырынча Жогорку Кеңеш президенттин Жарлыгын беките элек.

Пикир

Оставить комментарий