• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коменданттык саат башталды. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн 25-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 2 жаӊы учур катталды. Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Коронавирус жуктурган 1 адам Баткен облусунда, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында 3 адам бар.

Бүгүн 25-марттан саат 08:00дөн баштап 15-апрелине саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

- Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттарга байланыштуу маалыматтар ведомствонун сайтына жайгаштырылат.

- Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

- Инфекция очогундагы врачтарды колдоо жана алмаштыруу үчүн Бишкектен ыктыярдуу дарыгерлердин бригадасы жөнөп кетти.

- Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле, иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек.

- Тамак жеткирүү кызматын көрсөткөндөргө эртең мененки саат 7ден кечки саат 20:00 чейин иштөөгө уруксат берилет. Коменданттык саат учурунда алар жумушун токтотушу керек.

- Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү түрдө иштешет, мекеме ээлери алардын толук кандуу иши үчүн жоопкерчилик алышат.

- Саат 20:00дө комендаттык саат башталды!

"Урматтуу Кыргызстандыктар! Биз сиздерге ыкчам маалыматтарды негизги биринчи булактардан алып жеткиргенге аракет кылуудабыз. Маалымат жыйындардын анонстору адаттагыдай алдын-ала жарыяланат. Жалган маалыматтарга ишенбегиле! Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Комендатуранын, Кыргыз өкмөтүнүн жана республикалык штабдын бардык сунуштарын аткарыңыздар!", - деп кайрылат республикалык штаб жарандарга.

#Үйдөбол #Тазалыктысактаңыз #ВирустуБиргеликтеЖеңебиз

Пикир

Оставить комментарий