• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкери иш алып барууда - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Бишкектеги коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкери иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкери ишке тартылган. “Күч органдарынын кызматкерлери күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат”,- деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал айтып өткөндөй, бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү. Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21и ачылды.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий