• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коменданттык саат учурунда тартип бузган 88 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалып, 3 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 56, Ош шаары боюнча - 16, Жалал-Абад шаары боюнча - 10, Сузак району боюнча – 5, Кара-Суу району боюнча - 1 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий