• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коменданттык саат учурунда Жалал-Абад шаарында 24, Сузак районунда 29 жаран жана 4 автоунаа кармалган

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурадан билдиришти.

2020-жылдын 26-мартынан 27-мартка караган түнкү коменданттык саат учурунда (20-00дөн 07.00 чейин) анын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 29 жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 24 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШРИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы 4 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.

Аталган адамдарга карата “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык коменданттык саатты бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, ШРИИБде коменданттык саат бүткүчө кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан жалпы 153 унаа, анын ичинен 122 жүк ташуучу автоунаа КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлгөн. Ошондой бул блок-посттордо медицина кызматкерлери да кызмат өтөшүп, алардын көрсөтмөсү менен ден-соолугуна байланыштуу, зарыл болгон автоунаалар дагы кое берилген.

Эскерте кетсек, жеке автоунаалар коменданттык саат киргизилгенге чейинки убакыттарда Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагынан өтүп кетүүсү керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, блок-посттордон өтүү үчүн жарандардан келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирээти менен өз нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздарын (пропуск) берүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий