• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коменданттык саатта гемодиализ алуучулар кайсы учурда ооруканага баруусу керек? Акматованын жообу

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коменданттык саатта гемодиализ алуучулар кайсы учурда ооруканага баруусу керектигин айтты.

Анын айтымында, бейтаптардын баары кечки саат 8ге чейин ооруканага барып келүүсү керек. "Жарандар эртеӊ мененки саат жетиден кечки саат сегизге чейин дарылануусун алууну уланта берсе болот, мисалы гемодиализ алуучулар", - дейт Акматова.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, 0адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий