• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коменданттык саатты ишке ашыруу үчүн өлкө боюнча 283 блокпост коюлган - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Республика боюнча 283 санитардык-карантиндик пост коюлду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, коменданттык саатты ишке ашыруу боюнча өлкө аймагында 283 санитардык-карантиндик блокпосттор уюштурулду. “Андан тышкары Куралдуу күчтөр менен биргелешкен 53 пост уюштурулган”, деп кошумчалады ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө бул коюлган посттордо толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий