• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Комиссия 5 күндүн ичинде Солтон-Сарыдагы кой-эчкилердин кырылышынын себебин аныктайт

Коом 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Кой-эчкилердин кырылышына байланыштуу Нарын облусундагы Солтон-Сары кен казуу жайындагы абалды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

Анын айтуусунда, Миң-Булак жана Эмгекчил айылынын тургундары кой-эчкилердин кырылышына байланыштуу өз кооптонууларын билдиришкен.

"Дээрлик 200гө жакын адам чогулуп, анализдин жыйынтыгы чыккыча Zhong Ji Mining компаниясы өз ишин токтотуп турушун талап кылышууда. Биз 5 күндүн ичинде койлордун кырылышынын чоо-жайын аныктай турган атайын комиссия түздүк. Учурда компания жол курду жана кен иштетүүчү комбинат куруу үчүн инфраструктура куруп жатат. Компания эки айыл өкмөтүнө социалдык пакет төлөйт. Мисалга, Миң-Булак айыл өкмөтүнө 40 млн. сом төлөнгөн, ал каражатка айыл-чарба техникасын сатып алышкан. Андан тышкары, Эмгекчил айылына 12 млн. сом", - деп билдирди Кайыпов.

Өз кезегинде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргендей, Zhong Ji Mining компаниясы 2009-жылы Солтон-Сары кенин чалгындоого, ал эми 2010-жылы иштетүүгө лицензия алган. Ал жердин балансында 12 тонна алтын бар, кендин аянты - 1 миң га", - деп билдирди Осмонбетов.

Эскерте кетсек, мындан мурда социалдык тармактарда Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн койлордун тасмасы чыккан. Анда чабандар малдын өлүп жатканына ал жерде кен иштеткен кытайлык компанияны айыптайт.

Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдан мышьяк менен нитраттын издери табылган.

Пикир

Оставить комментарий