• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Комитет акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлерди карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында акыйкатчы (Омбудсмени) кызмат ордуна шайлоо үчүн сунушталган талапкерлер каралды.

Алсак, Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы көрсөтүүдө. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек талапкер тууралуу маалымат берди.

Ал эми Кулира Кубатованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясы тарабынан сунушталууда. Талапкер тууралуу депутат Динара Ашимова маалымат берип, К. Кубатованын иш тажрыйбасына учкай токтолду.

Талкуу маалында эл өкүлү Дастанбек Жумабеков өлкөдө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышына парламенттик көзөмөлдү КР Акыйкатчысы ишке ашырып жатканын белгилеп, талапкерлердин бул багыттагы маселелерге бурду.

Акыйкатчы кызматына талапкер Жамиля Жаманбаева прокуратура органдарында мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөгөндүктөн, прокуратура органдарында алган тажрыйба маанилүү экенин айтты. Муну менен катар депутат Мейкинбек Абдалиев акыйкатчы кызматы жооптуу экенин белгилеп, бул системада прокуратурадагыдай катаал мамиле керек эмес экенин эскертти.

Өз кезегинде комитет төрайымы Чолпон Султанбекова Акыйкатчы институтунун учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, Акыйкатчынын келечеги үчүн анын жамааты менен кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

Ошондой эле талапкер Кулира Кубатова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган мекеме адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жаатында талдоо жүргүзүүсү керектигин баса белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков акыйкатчы саясатка аралашпашы керектигин, бул институт КР Конституциясынын талаптарына ылайык иштеши зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында комитет көрсөтүлгөн талапкерлерди акыйкатчы кызмат ордуна шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий