• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Комитет «COVID-19га шашылыш чара көрүү» долбоору боюнча келишимге макулдугун берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашууга (Кредит №6603-KG; Грант №D605-KG) өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катынынын долбоору жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбооруна (COVID-19 боюнча шашылыш долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдугун берди. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк «Кыргыз Республикасында COVID-19га шашылыш чара көрүү» долбоорун кошумча каржылоо алкагында, 10 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 10 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Ошону менен бирге, министр буга чейин COVID-19га каршы күрөшүү багытында эл аралык донорлордон баш-аягы 56 млн 125 миң доллар каражат алынса, анын жарымы жеңилдетилген насыя, жарымы гранттык каражат болуп саналарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий